Бишкек-Талас аба каттамы жанданды

“Талас” аймактык аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт

"Асман аба жолдору" компаниясы Бишкек - Талас каттамын жандантып, баа арзандатылганын билдирди. Маалыматка ылайык, 4-январдан бери аптасына эки ирет: дүйшөмбү жана жума күндөрү Бишкек-Талас-Бишкек багыты боюнча дотацияланган каттамдар аткарылып жатат.

Билет баасы 2100 сом, мурдагы баасы 3100 сомго чейин болчу. Компания билеттерди "Асман Эйрлайнс" тиркемеси аркылуу сатып алуу ашыкча төлөөдөн жана башка кошумча түйшүктөрдөн жеңилдетерин эскертти.

“Талас” аэропорту 1979-жылы учактарды жана тик учактарды эксплуатациялоо үчүн курулган. 2024-жылы май айында толук реконструкциядан өткөрүлгөн.

“Талас” аэропорту деңиз деңгээлинен 1266 метр бийиктикте орун алган. Учуп-конуу тилкесинде Ан-2, Ан-26, Ан-28, Авро РЖ-85, БАЭ-146, Як-40 сыяктуу учактарды жана тик учактардын бардык түрлөрүн кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Жаңы жылдын алдында президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 2026-жылдан тартып көпчүлүк аймактарга ички аба каттамдардын билет баасы арзан жана туруктуу болорун жарыялаган. Алагөзов бул президенттин жеке колдоосу жана кубаттоосу менен өлкөнүн Турукташтыруу фондунун дотацияларынын алкагында ишке ашарын билдирген.

Былтыр сентябда "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын алдындагы "Асман аба жолдору" авиакомпаниясы сатып алган Dash 8-400 үлгүсүндөгү үчүнчү учак Бишкекке жеткирилген жана ички каттамдарга чыга баштары айтылган.

Dash 8-400 үлгүсүндөгү 80 орундуу учактын алгачкысы былтыр алынган жана 27-сентябрдан тарта ички каттамдарга чыга баштаган.

Мамлекеттик авиакомпаниянын ишке кириши менен билет арзандай турганы айтылганы менен, баага байланыштуу жарандардын нааразылыгы маал-маалы менен көтөрүлүп келген. (ZKo)

Дагы караңыз

“Адам өмүрүн коргоо мен үчүн эң кымбат" Түптөгү мектептин кулаган чатыры боюнча түшүндүрмө берилдиБишкек мэриясынын кызматкери 1 миллион сом пара талап кылгандыгы үчүн кармалдыУиткофф Украина боюнча сүйлөшүүлөрдө чечиле элек бир маселе калганын айтты Өзгөндө эки айлык ымыркай кыймадан кийин чарчап калганы кабарландыПутин Тынчтык кеңешине кирүүгө камактагы активдерден 1 млрд доллар төлөөгө даярдыгын билдирди