АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф 22-январда Швейцариянын Давос шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагындагы Украина талкуусунда сүйлөп жатып, тараптар согушту токтотуу келишимин бекитүүгө жакындап калганын айтты.
Уиткоффтун айтымында, чечиле элек бир маселе калды. Ал аймактарга көзөмөл кылуу маселеси тууралуу сөз кылган болушу ыктымал.
Уиткофф бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуу үчүн Москвага барарын ырастады. Ошондой эле кечээ америкалык делегациянын өкүлдөрү украиналык делегация менен кечке чейин талкуу жүргүзгөнүн билдирди.
Маалыматка караганда, анда Украинанын экономикасын калыбына келтирүү маселеси да талкууланды, Уиткофф эркин экономикалык аймак тууралуу сөз болгонун кошумчалады.
Буга чейин мындай зоналарды Донецк облусунун аймагында түзүү демилгеси көтөрүлгөн, бирок ал кимдин көзөмөлүндө болору белгисиз.
Орусия аталган облусту өзүнө толук өткөрүп берүүнү талап кылып келет, азыр орус тарап анын 70% ашыгын көзөмөлдөйт.
Украинанын делегация башчысы Рустем Умеров Давосто америкалык BlackRock инвестициялык компаниясынын өкүлдөрү, Норвегиянын, Катардын премьерлери, Трамптын чабармандары Жаред Кушнер жана Стив Уиткофф менен сүйлөшүү болгонун маалымдады.
Давосто бүгүн АКШ жана Украинанын президенттери жолугушуусу ыктымал. Трамп жолугушуу тууралуу кечээ айткан, расмий кабар таратыла элек.
Украин президентинин өкүлдөрү Зеленский форумга жөнөп кеткенин ырастады.
Путин 21-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында болжолдуу тынчтык келишимине жетишилгенден кийин АКШда камакка алынган орусиялык активдердин эсебинен 1 миллиард долларды "согуштук аракеттерде зыян келтирилген аймактарды калыбына келтирүү үчүн берүү" маселесин караштырууга даяр экенин айткан. Путин кайсы аймактар тууралуу сөз козгогонун - Орусия негизсиз оккупациялап алган жерлерби, тактаган эмес. Ал камактагы активдерди мындай багытка колдонуу мүмкүнчүлүгү тууралуу биринчи жолу кеп кылды.
Шерине