Давосто Тынчтык кеңешинин уставына кол коюлду

Тынчтык кеңешинин уставына кол коюу иш-чарасына катышкандар, 22-январь, 2025-жыл

Швейцариянын Давос шаарында 22-январда АКШ президенти Дональд Трамптын демилгеси менен түзүлгөн эл аралык орган - Тынчтык кеңешинин уставына кол коюлду.

Буга чейин Трамптан аталган кеңешке мүчө болуу тууралуу чакыруу алган Азербайжан, Армения, Казакстан, Өзбекстан, Пакистан, Индонезия, Венгрия жана башка мамлекеттердин башчылары кол коюу аземине катышты.

Мүчө болууга макулдук берген бир нече мамлекеттин башчылары, анын ичинде Беларустун авторитардык жетекчиси Александр Лукашенко катышкан жок. Уставга жалпы 18 мамлекет кол коюп, ага Трамп өзү төрагалык кылмай болду.

Трамп анда сүйлөп жатып, Украинадагы согуш жакын арада токтойт деп эсептеп жатканын айтты. Анын маалыматына караганда, жаңы уюм БУУ менен кызматташат. Президент Трамп АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган палестиналык ХАМАС тобун куралын таштоого чакырып, Газа тилкеси калыбына келтирилерин белгиледи.

Трамптын төрагалыгы алдындагы Тынчтык кеңеши БУУнун ордун алмаштырып калат деген кооптонуусун жана АКШ президентинин саясаты менен уставдын эрежелерине макул эместигин ЕБге мүчө өлкөлөр билдирип, Тынчтык кеңешине катышпоого чакырышкан.

Британиянын тышкы иштер министри Иветт Купер Лондон жогоруда айтылгандардан тышкары Тынчтык кеңешине Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакырылганына да кооптонуп жатканын билдирген.

Кремль Трамптын чакыруусуна жооп бере элек, бирок Путин 21-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында болжолдуу тынчтык келишимине жетишилгенден кийин АКШда камакка алынган орусиялык активдердин эсебинен 1 миллиард долларды "согуштук аракеттерде зыян келтирилген аймактарды калыбына келтирүү үчүн берүү" маселесин караштырууга даяр экенин айткан. Путин кайсы аймактар тууралуу сөз козгогонун - Орусия негизсиз оккупациялап алган жерлерби, тактаган эмес. Ал камактагы активдерди мындай багытка колдонуу мүмкүнчүлүгү тууралуу биринчи жолу кеп кылды.

Бейшембиде Палестина автономиясынын башчысы Махмуд Аббас менен жолугушууда Путин бул акча Газа тилкесин калыбына келтирүүгө сарпталышы керектигин айтып, Аббаска Тынчтык кеңешинин демилгесин талкуулоону сунуштады.

Башында аталган уюм Газаны калыбына келтирүү жана башкарууну координациялоо үчүн түзүлөрү айтылган. Анткен менен уставында Тынчтык кеңеши Жер шарынын башка аймактарындагы жаңжалдарды чечүү менен алектенери жазылган.

Reuters кабарлагандай, учурда кеңешке катышууга 35тей мамлекет көндү. Трамп 50дөн ашуун өлкөнү, анын ичинде Украина менен Орусияны ага мүчө болууну сунуштаган.

Дагы караңыз

"Көрүнгөн машинанын артында өлүк". Ирандагы калабанын каардуу тагы