Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

"Көрүнгөн машинанын артында өлүк". Ирандагы калабанын каардуу тагы


Ирандагы нааразылык акциясы 28-декабрда башталган.
Ирандагы нааразылык акциясы 28-декабрда башталган.

Иранда өкмөткө каршы нааразылык акцияларында бийлик болуп көрбөгөндөй мыкаачылыгын көрсөткөнүн "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун ирандык "Фарда" кызматына Исфахан провинциясынын өнөр жай ишканалары жайгашкан жана эл отурукташкан аймактарынын тургундары айтып беришти.

Радиого маек курган кеминде үч жергиликтүү тургун провинциянын аймагындагы айрым шаар-кыштактарда азыр согуштан кийинкидей көрүнүштү байкоого болорун, мындай абал 1980-жылдардагы Иран-Ирак согушу маалындагы оккупациядан кийинки ээн калган кырдаалды элестетип жатканын маалымдашты.

Иранда 28-декабрда башталган митингдерди бийлик кандуу ыкмалар менен баскандан кийин аскерлердин жана полициянын көзөмөлүн күчөтүп койгон, интернет жана башка байланыш чектелген.

Тегеран. 2026-жылдын 19-январы.
Тегеран. 2026-жылдын 19-январы.

Нааразылык жана чыңалуу алгач Ирандын Тегерандан кийинки эле ири өнөр жай борбору Исфахандын айрым райондорунда тутанган. Демонстранттар топ-топ болуп, азыркы бийликке каршы ураан чакырып, мурдагы Пахлави монархиясынын кайтышын жактаган талаптарды коё башташкан. Ал акцияларда протестчилер өлкөдө тыюу салынган, бийлик монархиянын жана светтик улутчулдуктун калдыгы деп эсептеген "Арстан жана Күн" желегин желбиретип да чыгышкан.

Капаста калган аймактар

Нажафабад районунун чет жакасында жайгашкан Язданшахр аймагы 2-январдан баштап көптөгөн көчө протесттеринин очогуна айланган эле. Жергиликтүү тургундардын бири (аты-жөнү жеке коопсуздугунан улам ачык айтылбайт) "Фарда" радиосуна шаардагы азыркы көрүнүштү, кыйроолорду болгонун болгондой кылып сүрөттөп берди. Анын айтымында, ар кайсы жакта жаткан кирпичтерди, терезелердин талкаланган айнектерин, өкмөттүк имараттардын зыян тартканын, дубалдарда жана эшиктерде ок тийген издерди көрүүгө болот.

"Язданшахр азыр бошотулгандан кийинки Хоррамшахрга окшоп турат", - деди маектеш.

Ирандын түштүк-батышындагы бул шаар 1980-жылдары ирактык аскерлердин оккупациясында калып, кийин кандуу кармаштан кийин гана бошотулган.

Полиция жана аскерлер акцияга чыккандарды күч колдонуп тараткандан кийинки күндүн таңын эстеп ал:

"Ар бир машинанын жанында өлгөндөр жатыптыр. Алар баарын уруп-сабашты", - деди.

Ошондой эле ал күч кызматкерлери ырайымсыздык менен, эч кимди ылгабастан автомат менен аткылаганын, окко учкандар арасында көчөдө жөн гана кетип бараткандар да, жол боюндагы дүкөн ээлери да, чатырга чыгып алып карап отургандар да бар экенин кошумчалады.

"Алар көчөдөгүлөрдүн баарына күч колдонушту", - деген маектеш бир үй-бүлөдөн бир нече киши каза болгондор да бар экенин белгиледи.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу жогоруда баяндалгандарды көз каранды эмес булактардан өз алдынча тактоо азыркы Иран шартында мүмкүн эместигин, бирок ошондой эле маалымат башка тастыкталган булактардан да келип жатканын белгилейт.

Өлгөндөрдү аныктоо

Бул аймактан болжол менен 60 чакырым аралыкта жайгашкан Бахарестан шаарчасынын тургуну да соңку күндөрү башынан өткөргөн, көргөн окуяларды "Фарда" радиосуна айтып берди. Анын белгилешинче, нааразылык акциялары учурунда адамдар көп каза болду, курмандыктардын көпчүлүгү бахтиари этникалык тобунун өкүлдөрү.

"Алар чектен чыгып, ушунчалыкка барышат, адамдарды ушинтип өлтүрүшөт деп эч ойлогон эмес элем. Деги эле кимдир-бирөө ушундай кылат деп элестеткен эмесмин", - деди жергиликтүү тургундардын бири.

Акциялар мыкаачылык менен токтотулгандан кийин, анын айтымында, Бахарестандагы унаага май куюучу станциялардын баары өрттөлүп, жок кылынган. Ошонун айынан айдоочулар май сатып алуу үчүн башка райондорго барып келүүгө мажбур болууда.

Исфахандын чет жакасындагы Шахиншахрдын тургуну айтып бергендей, мыкты жабдылган куралчан адамдар "карыяларга жана жаштарга, эркектерге жана аялдарга кол салып, жада калса сулап жатып калгандарды да аткылашкан".

More Videos Emerge Of Iranian Protesters Met With Deadly Force
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:36 0:00

АКШдагы ирандык HRANA (Human Rights Activist News Agency) бейөкмөт укук коргоо уюму Ирандагы нааразылык акциялары учурунда бийликтин зомбулугунан каза болгондор 4,5 миңге жеткенин, дагы 9 миңден көп кишинин өлүмү текшерилип жатканын билдирди.

Бирок бир катар активисттер, укук коргоочулар курмандыктар саны мындан да көп болушу мүмкүн экенин айтып жатышат. Маалыматты тактоодо интернет байланышынын жоктугу кыйынчылык жаратууда.

Жакындарынан айрылган башка да ирандыктар сыяктуу эле маектешибиз да Исфахан шаарындагы эн чоң Баг-Резван көрүстөнүнө барып келген. Борбордон чыгышты көздөй болжол менен 12 чакырым аралыкта жайгашкан бул көрүстөндө чогулгандар дайынсыз болуп жаткан туугандарын издеп, табылгандарынын сөөгүн алып кетип жатышты.

"Сөөктөрдү бирине бирин үйүп коюшуптур. Көбүнөн кан агып жатыптыр. Биз аларды ар бирин өзүбүз жылдырып, көтөрүп, издеп жаттык. Каза болгондордун жүзүн жөн карап тура албайсың... Баары көгала, ырайымсыз сабалгандыктан, ок менен аткылангандыктан тамтыгы калган эмес", - деген жергиликтүү тургун курман болгондор арасында 10-16 жаш курактагы өспүрүмдөр да бар экенин кошумчалады.

Ирандагы соңку окуялардан кийин көз карашы таптакыр өзгөргөнүн айткан маектеш 2025-жылы июнда АКШ менен Израил Иранга чабуул койгондо өлкөсүнө каршы агрессияны айыптаганын, эми ирандыктар бийлик башында отурган "кылмышкерлерге" өз алдынча каршы турууга чамасы жок экенине көзү жетип турганын айтты.

Ошону менен катар ал чет жакта жашаган ирандыктар "зомбулук учурунда Иран эли башынан өткөргөн апааттын канчалык оор болгонун" түшүнө аларына көзү жетпесин белгиледи.

"Иранда кыргын болуп жатабы?"
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

Каптап турган коркунуч

Исфахандагы дагы бир шаар Фоладшахрда жашаган тургундардын бири элдин жүрөгүнүн үшүн алып коюшкандыктан, баарынын коркунуч сезими ушунчалык катуу болгондуктан адамдар "түштөн кийинки саат үй-төрттөн кийин эле зарыл дары-дармек сатып алыш үчүн да сыртка чыкпай турушканын" айтып берди. Анын байкоосуна караганда, кеч киргенге чейин көчөлөрдө толук куралданган күч кызматкерлери жөнөкөй кийинип алып, демонстранттарды коркутуп-үркүтүү үчүн колдонулуучу "Хейдар Хейдар" ураанын айтып, каарын көрсөтүп турушту.

Мына ушундай катаал чаралар акыры өз натыйжасын бербей койгон жок. Адамдар эми суунун жоктугуна, электр энергиясынын тартыштыгына же азык-түлүктүн кымбаттыгына даттанып, нааразылыгын билдирип чыгуудан коркуп калышты.

Арызданып чыккан күндө да алардын үнүн сырткы дүйнөгө жеткирүү мүмкүн эмес болуп калган. Фоладшахрдын тургуну айтып бергендей, өкмөт калктуу конуштарда спутник антенналарынын баарын буздуруп, интернетти өчүрүп, телефон байланышын да чектеп койду:

"Алар элдин тагдырын каалагандай калчаш үчүн адамдардын таптакыр изоляцияда калышын каалап жатышат".

XS
SM
MD
LG