Иран: Интернет жок, куугунтук уланууда

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Иранда 10 күндөй мурун интернет өчүрүлгөндөн бери өлкө глобалдык желеге кошула элек. Бийлик нааразылык акцияларын күч колдонуп, өтө ырайымсыз ыкмалар менен басканда ирандыктардын үнүн басуу үчүн интернетти өчүрүп салган. 21-январда Ирандын мамлекеттик телеканалы каза болгондордун санын атады. Бирок укук коргоочулар коопсуздук күчтөрүнүн колунан набыт болгондор андан эселеп ашарын айтышууда. АКШ Тегеран режиминин чет өлкөлөрдүн өкмөттөрүн айыптоо жана демонстранттарды кылмышкер кылып көрсөтүү аракети реалдуулукту бурмалоо болуп эсептелерин билдирди.