АКШ жана Украинанын президенттери Дональд Трамп менен Владимир Зеленский бейшембиде Швейцариянын Давос шаарында жолугушту.
Сүйлөшүүлөр жабык өттү. Зеленскийдин басма сөз катчысы жана Ак үй эки жетекчинин кездешүүсү бир саатка жакын убакытка созулганын билдиришти.
Рейтер агенттиги жазгандай, сүйлөшүүдөн чыгып жатып, Трамп журналисттер менен учкай маектешти. Ал жолугушууну «абдан жакшы» деп баалады жана орус мамлекет башчысы Владимир Путинге Украинадагы согуш аякташы керек деп айтарын кошумчалады.
"Зеленский менен кездешүү жакшы болду. Бардыгы эмне менен аяктарын көрөбүз", - деп айтты америкалык лидер.
Бир күн мурда Давостогу Экономикалык форумга катышып жаткан Трамп Зеленский менен жолугушарын айткан. Бирок украин президентинин сапары тууралуу алдын ала кабарланган эмес.
Трамп менен Зеленский Украинадагы согушту токтотуу жана Ак үйдүн тынчтык орнотуу демилгесин талкуулары күтүлгөн.
Бүгүн кечинде АКШ президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф жана күйөө баласы Жаред Кушнер Путин менен жолугушуу үчүн Москвага аттанды.
Мунун алдында Уиткофф Давостогу форумда Украинага арналган талкууда сүйлөп жатып, тараптар согушту токтотуу келишимин бекитүүгө жакындап калганын, чечиле элек бир маселе калганын айткан.
Ал Орусия басып алган аймактарга көзөмөл кылуу маселеси тууралуу сөз кылганы болжолдонууда.
Москва Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагын толук берүүнү талап кылып жатат. Киев муну четке кагууда.