Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:35

АКШ Өзбекстандын 44 жаранын депортациялады


Ташкент аэропорту
Ташкент аэропорту

21-январдын кечинде АКШдан депортацияланган өзбекстандык 44 киши Ташкентке чартердик учак менен жеткирилди. Маалыматка караганда, алар Кошмо Штаттарда мыйзамсыз жүргөн.

Өзбекстан Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ахрор Бурханов жарандарды мекенине «коопсуз жана өз убагында жеткирүү үчүн» америкалык тиешелүү мекемелер менен биргелешип рейс уюштурулганын маалымдады. Анын айтымында, эки өлкө чет мамлекеттердеги өзбек жарандарынын укуктарын коргоо жана аларды мекенине кайтаруу маселесинде кызматташтыкты улантууда.

АКШнын Ташкенттеги элчилигинен алынган комментарийде Вашингтон депортацияга мыйзамсыз миграция менен күрөшүү саясатынын бөлүгү катары карап жатканы белгиленет. Билдирүүдө ошондой эле Кошмо Штаттар «мыйзамсыз миграцияны тыюу жана чек аранын коопсуздугун камсыздоого чечкиндүү белсенгени», өзбек бийлигине кызматташтык үчүн ыраазычылык айтылат.

Буга чейин 10-октябрда да өзбекстандык жарандар АКШдан депортацияланган.

15-январда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кошмо Штаттардын виза мыйзамдарын бузган кыргызстандык 20 чакты жаран мекенине кайтарылганын, дагы бир нечеси депортация болорун билдирген.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG