Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Конституциялык реформа боюнча комиссия түзүү тууралуу жарлыкка кол койду. Тиешелүү документ 22-январда расмий маалымат каражаттарына жарыяланды.
Жарлыкта "Конституциялык реформа боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында комиссия түзүлөрү" жазылган.
Комиссиянын курамына 100дөн ашык киши кирди, алар - парламент депутаттары, маслихат төрагалары, маалымат каражаттарынын башчылары, коомдук ишмерлер, мамлекеттик органдардын, аймактардагы коомдук кеңештердин, эксперттик жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү.
Аны Конституциялык соттун төрайымы Элвира Азимова жетектейт.
Токаев 20-январда Кызылордо шаарында өткөн Улуттук курултайдын жыйынында өлкө бир палаталуу парламентке өтөрүн жарыялаган. Ал жаңы парламенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн беш жыл деп белгилөөнү (азыр мажилис депутаттары 5 жылга, сенаторлор 6 жылга шайланат), комитеттердин санын сегизге кыскартууну сунуштады.
Депутаттар пропорционалдык система же партиялык тизме менен шайланат. Аймактарда мажоритардык система калат. Мындан тышкары Казакстан элинин ассамблеясынын квоталары алынмакчы.
Токаев бир палаталуу жаңы парламентти “Курултай” деп атоону сунуш кылып, ал 145 депутаттан турарын айтты. Ушу тапта Казакстандын эки палаталуу парламенти 148 депутаттан турат (98и — Мажилисте, 50сү — Сенатта).
Казак президенти вице-президенттик кызмат түзүлөрүн да кошумчаган.
Бул демилгелерди ишке ашыруу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизилиши керек. Бирок референдумдун датасы аныктала элек. Айрымдар Токаев референдумдун датасын жарыялап, андан кийин парламенттик шайлоого даярдык көрөрүн айтып келаткан.
Шерине