"Беш жолу белин кыйдырган". Милиция ымыркайдын өлүмүн териштирет

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өзгөндө эки айлык ымыркай кыйма жасаткандан кийин чарчап калганы кабарланды. Дарыгерлер наристе ооруканага өтө оор абалда келгенин, канында гемоглобини кескин түшүп кеткенин, ага кыйма себеп болушу мүмкүн экенин белгилейт. Окуя боюнча милиция териштирүү баштап, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.