Орусияда иштеген казакстандык Жазылбек Ажигалиев аны Украинадагы согушка мажбурлап жөнөтүүнү көздөгөн орусиялык күч түзүмдөрүнүн зомбулугуна кабылган. Бул тууралуу «Уральская неделя» басылмасы жабыркаган жигиттин эжесине шилтеме менен жазды. Маруа Ескендированын айтымында, контрактка кол коюудан баш тартканда бир тууганын Казакстанга депортациялап, Орусияга кирүүгө беш жылга тыюу салынды.
Басылма былтыр декабрда Ажигалиев иниси менен Москвага акча тапканы кеткенин, клиникага медициналык кызматкер болуп орношконун жана каттоого туруу үчүн документ тапшырганын маалымдайт.
Туугандарынын айтымында, 18-январда ага миграциялык кызматтан телефон чалып, кагаздарын алып кетүүнү айтышкан. Эртеси кызматка барганда орус полициясынын кызматкерлери анын башынан кара мүшөк кийгизип, электршокер менен урдуруп, полиция бөлүмүнө алып кетишкен.
Ескендирова бир тууганын үч күн бою сабашканын жана кыйнашканын айтты. Ал арада аскердик комиссариаттан келген адамдар согушка жалдап келишимге кол койдурууга аракеттенген.
Ажигалиев кол коюудан баш тартып, Казакстанга депортация кылууну талап кылган. Маалыматка караганда, анын үй-бүлөсү казак бийлигинен орус күч түзүмдөрүнүн аракеттерине баа берүүнү суранды.
Казакстандын тиешелүү органдары окуяга комментарий бере элек.
Борбор Азиядан чыккан мигранттарды согушка күчтөп жөнөткөн учурлар такай кабарланып келет. Казакстанда 2024-жылы орус армиясынын катарында Украинада согушкан 700 жарандын үстүнөн кылмыш иш козголгонун "Медиазона" басылмасы жазган. Жалданмачылык коңшу өлкөнүн мыйзамдарында кылмыш болуп эсептелет.