Ирандын "көмүскө флотуна" АКШнын санкциясы киргизилди

Иллюстрациялык сүрөт

Америка Кошмо Штаттары Ирандын “көмүскө флотундагы” жана алар менен байланышта болгон сегиз компаниянын тогуз танкерине каршы санкция киргизди.

АКШ Каржы министрлиги чектөөлөр Ирандагы каршылык акциялары ырайымсыздык менен басылышына байланыштуу киргизилгенин билдирди.

“Кара тизмеге” кирген танкерлер Палау, Комор аралдарынын жана Панаманын желеги менен жүрүшөт. Чектөөлөр ошондой эле бул кемелердин ээлери же башкаруучулары болгон компанияларга да киргизилди. Алар Индия, Либерия, Оман, Бириккен Араб Эмираттары, Маршалл аралдарында жана Сейшеллде катталышкан. Бул кемелер жана компаниялар Ирандын жүз миллиондогон долларлык мунайын жана мунай азыктарын ташууга катышы бардыгы тастыкталган.

Каржы министрлигинин билдирүүсүндө Иран элине таандык болгон бул кирешени бийлик “аймактык террордук топторду, куралданууну жана коопсуздук күчтөрүнүн программаларын каржылоого” сарпталып жатканы айтылган.

Ирандагы каршылык акциялары декабрдын аягында башталган, январдын ортосунда абалдын курчушу чекке жеткен. Башында экономикалык талаптар менен башталган толкундоолордо кийин бийликке каршы саясий чакырыктар айтыла баштаган.

Өлкөдө интернет жок, каршылыкка чыккандар жана анда жабыркагандардын так саны тууралуу маалымат да жок.

Штаб-квартирасы АКШда жайгашкан HRANA укук коргоо уюму толкундоолордо 4900дөн ашуун адам набыт болгонун билдирди.

15-январда АКШ толкундоолорду ырайымсыз басууга айыптап, ирандык беш аткаминерди кара тизмеге киргизген. Алардын ичинде Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Ларижани, полициянын төрт аймактык башчысы жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Лорестан жана Фарс провинцияларындагы күчтөрүнүн командирлери бар.

Дагы караңыз

БУУ: Иранда каза болгондордун саны 20 миңден ашышы мүмкүнКазак жараны Орусияда согушка мажбурлашканын билдирди Анар-Бак: тургундар үйүн, акимиат жерди коргойт Казакстанда кыздар зомбулукка каршы көтөрүлдү