"Туткун" тасмасында Экинчи дүйнөлүк согушта колго түшкөн Калмурат аттуу адамдын тагдыры баяндалат. Ал советтик бийликтин саясатынан улам мекенине келе албай, тынымсыз кат жазып жүрүп, акыры жооп келгенде жүрөгү кармап көз жумат.
Тасма эки өлкөдө, Кыргызстанда жана Германияда тартылган. Абды Сатаров, Жеңиш Сманов, Канатбек Шабдалиев, баштаган актерлор жана эки тараптагы жергиликтүү тургундар роль жараткан.
Режиссер Темир Бирназаровдун айтымында, тасма жаратууга Германиядагы кыргыздар көмөктөшкөн.
Тасма жазуучу, мамлекеттик катчы Арслан Капай уулунун “Тагдыр жөнүндө ыр” аңгемесинин негизинде тартылган. Чыгармада Түркстан легионуна мүчө болгон, согуштан кийин өмүр бою Германиянын кыштагында жашаган кыргыз киши тууралуу баяндалат.
Бирназаровдун айтымында, тасманы тартууга мамлекеттин эсебинен 24 млн сом бөлүнгөн.
Соңку жылдары “Кыргыз кереметин” кайра жандантуу аракети жүрүүдө. Расмий маалыматтарга таянсак, акыркы үч жылда кинематографияга бөлүнгөн каражат 11 эсе жогорулап, 80 млн сомдон 951 млн сомго жетти. (ST)