Бириккен Араб Эмирликтеринин борбору Абу-Дабиде 23-январда АКШнын, Украинанын жана Орусиянын өкүлдөрүнүн Кошмо Штаттардын Украинадагы согушту токтотуу боюнча планын талкуулоого байланыштуу бетме-бет сүйлөшүүсүнүн биринчи раунду өттү.
"Бүгүнчө сүйлөшүүлөр аяктады", - деп билдирди жума күндүн кечинде Украина президентинин кеңсеси.
Украин делегациясын баштап барган Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров Х социалдык түйүнүнө Абу-Дабидеги биринчи жолугушуунун темасы согушка чекит кое ала турган "аныктоочу факторлор" тууралуу болгонун жазды. Ошону менен катар, анын айтымында, "сүйлөшүү процессинин мындан аркы логикасы" да талкууланды.
Умеров белгилегендей, кошумча жолугушуулар 24-январга пландалды.
Үч өлкөнүн өкүлдөрү чогуу отуруп сүйлөшкөн мындай жолугушуу 2022-жылдын февралында Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкандан бери алгачкы ирет өттү.
Бул жолугушуу алдында расмий Москва Донбасстын бардык аймагынан, анын ичинде Украина көзөмөлдөп труган жерлерден да украин аскерлеринин чыгып кетишин кайрадан талап кылган.
Украина мындай талапка таптакыр каршы экенин билдирип келет.
Ал тапта 24-январга караган түнү Украинанын борбор калаасы Киев кайрадан Орусиянын жапырт чабуулуна кабылганын калаа башчысы Виталий Кличко билдирди. Анын айтымында, кеминде бир кишинин өмүрү кыйылды, төрт киши жараат алды.
Ал эми Харьковдо орус аскерлеринин соккусунан 19 киши жабыркаганын шаар мэри Игорь Терехов кабарлады.
Шерине