Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги курулуштагы мыйзам бузууларга байланыштуу “Аалам Строй” жана “Зам Зам билдинг” компанияларынын лицензиясын 90 күнгө токтотту.
Мекеме берген маалыматка караганда, 17-январда министр Нурдан Орунтаев Бишкекте бир катар курулуш объектилерине текшерүү жүргүзгөн. Анда “Аалам Строй” ишканасы Анкара көчөсү 2, 3/6 жана 3а даректеринде куруп жаткан турак жай комплексинин ондон ашык блогу боюнча бир катар курулуш мыйзамдары жана техникалык коопсуздук эрежелери бузулганы аныкталган. Андан тышкары компания объекттин курулуш баскычтарын Курулуш министрлигинен эмес жеке лабораторияларда текшерткени белгилүү болгон.
“Мындан тышкары, курулуш объектисиндеги блоктор мыйзамсыз түрдө үлүш ээлерине пайдаланууга берилгени аныкталган”, - деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында “Аалам Стройго” жалпы 3 млн сом айып пул салынып, 20-январда компаниянын лицензиясын токтотуу маселеси комиссиянын отурумунда каралып, колдоо тапкан.
17-январда Бишкектин Севастопольская көчөсү 8, Славян көчөсү 6/1 жана Фурманов көчөсү 13 даректеринде да курулуп жаткан 14 кабаттуу турак жай комплексинде курулуш эрежелери жана техникалык коопсуздук талаптары сакталбаганы такталган. Бул объекттерди салып жаткан “Зам-Зам билдинг” ишканасы курулуш-монтаждоо иштеринде бир катар талаптарды базган деген негизде комиссия 23-январда бул компаниянын да лицензиясы үч айга токтоткон.
“Аалам Строй” менен “Зам-Зам билдинг” Курулуш министрлигинин дооматы жана лицензиясы убактылуу токтотулганы тууралуу комментарий бере элек. (BTo)