Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы 20 жашка чейинкилер (U-20) арасында өткөн дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун В тайпасында алтын медал утуп, чемпион болду.
Мелдештин жүрүшүндө Кыргызстандын курама командасы Гонконгду 4:1, Түштүк Африканы 7:2, Иранды 15:1, Люксембургду 5:3 жана Мексиканы 7:4 эсебинде утту.
Турнирдин жыйынтыгында кыргызстандык спортчулары 15 упайдын барын топтоп, турнирдик жадыбалда биринчи орунду алып, үчүнчү дивизиондун В тайпасында дүйнө чемпиону аталды.
Муну менен Кыргызстандын жаштар курама командасы кийинки сезондо дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун А тайпасында ойноо укугуна ээ болду. Алты улуттук курама команда катышкан турнир 18-24-январь күндөрү Бишкек шаарында өттү. (BTo)
Шерине