Бишкек-Ош жолунда мунай ташыган автоунаа өрттөнүп, эки адам каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

25-январда Бишкек-Ош автожолунда мунай зат ташыган автоунаа өрттөнүп, эки адам каза болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) “Азаттыкка” билдиришкендей, министрликтин куткаруучулары кырсык болгон жерге саат 11:36 чыгып кетип, машинеден чыккан өрт 14:50гө жакын толук өчүрүлгөн.

ӨКМдин кызматкерлери маркумдардын сөөктөрүн автоунаадан алып чыгып, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлерине өткөрүп берген. Ушул тапта алардын тек-жайы такталууда.

Бишкек шаардык Жол кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, 2025-жылы Кыргызстанда 8 миңден ашык жол кырсыгы катталып, андан 900 адам каза тапкан. (BTo)

Дагы караңыз

Курулуш министрлиги эки компаниянын лицензиясын үч айга токтоттуБишкектин башкы планы боюнча өкмөттүн токтом долбоору коомдук талкууга чыктыӨзгөндө айдоочулар жол талашып уруша кетип, бир адам каза болдуОрусиянын соккусунан улам Киевде 800 миңден ашуун абонент жарыксыз отурат Министрлик “Камбар-Ата-1” ГЭСине донорлор 2,5 млрд доллар салууга кызыкдар экенин билдирдиМиннеаполисте федералдык агент дагы бир кишини атып салды, миңдеген киши нааразылык акциясына чыкты U-20: Кыргызстандын хоккейчилери III дивизиондун В тайпасында чемпион болдуКамакта жаткан экс-депутат Кубанычбек Кадыров үй камагына чыкты