Министрдин орун басары эттин баасы туруктуу кармалып жатканын айтты

Жаныбек Керималиев.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев Кыргызстанда эттин баасы туруктуу кармалып жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал 26-январда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Экономика жана коммерция министирлиги, Бишкек мэриясы жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен бирге иштеп жатабыз. Азыр эттин баасы туруктуу”, - деди ал.

Өлкөдө эттин баасы кымбаттап кеткендиктен 2025-жылдын 11-августунан тарта анын баасына мамлекеттик көзөмөл киргизилип, 620-690 сомго чейин деп белгиленген. Бирок социалдык тармактын колдонуучулары базарларда, соода түйүндөрүндө азыр деле эт мындан кымбат сатылып жатканын жазып келишет.

Кыргыз өкмөтү эттин баасын көзөмөлдөө үчүн бодо малды жана майда жандыктарды Кыргызстандан сыртка ташып чыгууга да убактылуу тыюу салган. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда күчү төрт баллга жеткен жер титирөө болдуФранция Украинага Rodeur 330 үлгүсүндөгү дрондорду берди Бишкек-Ош жолунда мунай ташыган автоунаа өрттөнүп, эки адам каза болдуКурулуш министрлиги эки компаниянын лицензиясын үч айга токтоттуБишкектин башкы планы боюнча өкмөттүн токтом долбоору коомдук талкууга чыктыӨзгөндө айдоочулар жол талашып уруша кетип, бир адам каза болду