25-январда Бишкек-Ош автожолунда мунай зат ташыган автоунаа өрттөнүп, эки адам каза болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) “Азаттыкка” билдиришкендей, министрликтин куткаруучулары кырсык болгон жерге саат 11:36 чыгып кетип, машинеден чыккан өрт 14:50гө жакын толук өчүрүлгөн.
ӨКМдин кызматкерлери маркумдардын сөөктөрүн автоунаадан алып чыгып, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлерине өткөрүп берген. Ушул тапта алардын тек-жайы такталууда.
Бишкек шаардык Жол кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, 2025-жылы Кыргызстанда 8 миңден ашык жол кырсыгы катталып, андан 900 адам каза тапкан. (BTo)
Шерине