Экс-депутат Нооманжан Аркабаев дүйнө салды

Нооманжан Аркабаев. Архив.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нооманжан Аркабаев узакка созулган оорудан улам 25-январда 67 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары билдирип, сөөгү кичи мекени Баткен облусунда жерге берилерин кабарлашты.

Нооманжан Аркабаев 1959-жылы Баткен облусунда төрөлгөн. 2006-жылы Кадамжай округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. 2007 жана 2021-жылдары да парламентке талапкерлигин коюп, өтпөй калган.

Соңку жылдары адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенип, президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин мүчөсү болуп иштеп жаткан. (BTo)

Дагы караңыз

Этнограф, чебер Айдай Асангулова оорудан улам каза тапты Миннеаполисте федералдык агент дагы бир кишини атып салды, миңдеген киши нааразылык акциясына чыкты Ирандагы акцияларда каза тапкандар 30 миңден ашканы кабарланды Министрдин орун басары эттин баасы туруктуу кармалып жатканын айттыКыргызстанда күчү төрт баллга жеткен жер титирөө болду