Жогорку сот 2-февралда Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси, камакта жаткан Махабат Тажибек кызынын ишин карайт. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.
Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумуш тобу Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун мурунку жана ошол кездеги кызматкерлеринин кармалышы Адам укугунун жалпы декларациясынын, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын бир канча беренесин бузганын белгилеген. Кийинчерээк кыргыз бийлигине бир нече сунуш, анын ичинде Махабат Тажибек кызын абактан бошотуу сунушун берген.
БУУнун чечимине байланыштуу анын адвокаты Махабат Тажибек кызынын ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган.
Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлоруна тиешеси бар экени айтылган 11 журналистти Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2024-жылы январь айында кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.
Бул иш боюнча Бишкектин Ленин райондук соту 2024-жылы 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Кийинки инстанциялар өкүмдү күчүндө калтырган. Андан тышкары журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза чарасы берилген. Калган жети адам акталган.
Ал эми Азамат Ишенбеков 2025-жылы апрель айында президенттин ырайымы менен эркиндикке чыккан.
Махабат Тажибек кызы соттолуп, өлкөдөн күч менен чыгарылган, азыркы тапта чет өлкөдө жашаган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы. Ал Чүйдөгү №2 аялдар абагында жазасын өтөп жатат. (BTo)