Кошмо Штаттарда катуу бороондон, соңку маалыматка ылайык, бери дегенде 30 киши каза болду, жүз миңдеген керектөөчү электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу 27-январда медиа каражаттары кабарлады.
Нью-Йорк шаарындагы Таймс-скверге чукул жерде тыгылып калган машинени түртүп баратышат, 25-январь, 2026-жыл
Улуттук метеорология кызматынын маалыматына караганда, мектептер менен жолдор жабылып, 11 миңден ашуун авиа каттам аткарылбай калды.
Кар аралаш жаан-чачын арктикалык ызгаарды ого бетер күчөттү.
Нью-Йорк шаарынын көрүнүшү, 25-январь, 2025-жыл.
Синоптиктер бороондон өлкө калкынын жарымы кайсы бир деңгээлде жабыркашы мүмкүн деп эскертүүдө.
Вашингон шаарынын көчөлөрүн кардан тазалагандар, 25-январь, 2026-жыл
Жекшембиде техника аппак кардын алдында калган Нью-Йорктогу айтылуу Times Square аянтын тазалап жүрдү. Штаттын губернатору Кэти Хочул бороондун кесепеттерин жоюу үчүн калаага жана айланасындагы жерлерге улуттук гвардиянын аскерелери тартылганын айтты.
Нью-Йорктун көчөлөрүн кардан тазалаган машинелер, 25-январь, 2026-жыл
Нью-Йорк шаарынын мэри Зохран Мамдани мектептерди онлайн окууга которуу жана эл жылынып алсын деп атайын борборлорду ачууга буйрук берди:
"Биз бүгүн эртең менен жарыялагандай аба ырайынан улам эртең аралыктан окутууга өтөбүз. Балдар мектепке барышпайт. Кээ бир балдарга бул жакпайт го. Мени көрүп калсаңар тартынбай эле кар менен ура бергиле".
Виржиния штатындагы дүкөнгө кирген аял бош текчелердин жанында турат, 23-январь, 2026-жыл.
Ал эми баш калаа Вашингтондо дем алышта балдар сүйүнүп, Капитолийдин жанында чана тээп, кар ыргытып ойноп жүрүштү.