Дмитриевка же Эсиркемиш. Айылдын атынан чыккан талаш
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылынын атын өзгөртүү маселеси көтөрүлдү. Маалыматка караганда, жергиликтүү бийлик айылдын атын Эсиркемиш деп өзгөртүү демилгесин көтөргөн. Бирок мындай сунушка Дмитриевка айылынын айрым тургундары каршы чыгууда. “Азаттыктын” кабарчысы бул айылга барып, жергиликтүү элди кепке тартты.