"Музыкасы дагы, тексти дагы жараган жок". Гимн үчүн тандалган үч чыгарма

Комитеттин жыйыны. Коллаж сүрөттө биринчи планда маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети комиссиянын сынынан, сынактан өткөн, тандалып келген гимндин үч вариантын угуп, баарын тең четке какты. Эми бул чечим парламенттин келерки жалпы жыйынында каралат.

Кыргызстанда гимнди өзгөртүү аракеттери 2024-жылы башталган, алгачкы сынакта бир дагы чыгарма тандалып алынган эмес жана экинчи сынак өткөрүлгөн.

Комитеттин жыйынына гимнди өзгөртүүгө байланыштуу түзүлгөн комиссиянын айрым мүчөлөрү дагы катышты жана тандалып алынган үч чыгарма угузулду. Үч варианттын текстин жана обонун ким жазганы айтылган жок.

Музыка таануучу, аталган комиссиянын мүчөсү Чынар Үмөталиева сынакка келген, тандалып алынган бир дагы чыгарма гимнге жарабай турганын айтты.

Ал эң көп добуш алды деген биринчи варианттын музыкасын мындан бир канча жыл мурун советтик композитор Вано Мурадели жаратканын белгиледи.

"Биз баарын уктук, бир жыл отурдук. Көп адам сынакка катышты. Бирок бирөө дагы жараган жок. Музыкасы дагы, тексти дагы жараган жок. Гимн деген өзгөчө бир бийик чакырык, музыкалык, эпикалык чакырык. Кыргыз элин алсак, бул баатырдык чакырык. Азыркы гимндин музыкасын биздин белгилүү Насыр Давлесов, Калый Молдобасанов жазган. Биздин азыркы гимнибиз абдан эле жакшы, абдан сонун, тексти дагы, обону дагы, музыкасы дагы сонун. Бул композиторлор Москвадан окуп, дүйнөлүк музыка искусствосунун эрежелерин билип, ошону колдонуп келген чоң адистер болчу. Биз азыр үч ырды тандап алдык. Анткени башкалары талапка такыр эле жакындаган дагы жок. Жөн эле жеңил-желпи ырлар болду. Ушул үч үлгүнүн эң жакшысы эле Мураделинин обону болду. Бирок ал обон бир канча жыл мурун жазылган. Кайта эле бизге эскиси жагымдуу болуп жатат. Бирок анын темпи жарабайт. Темп салмактуу болушу керек, маршка жакын болушу керек. Ал эми биринчи жана экинчи үлгү такыр эле жарабайт",-деди Үмөталиева.

Дагы караңыз Гимн, туу, тил... Спикер Шакиев эмнеси менен эсте калат?

Мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 2024-жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада көтөргөн. Ал “мамлекеттик гимн баарына оңой ырдалгыдай жана бирдей ыргакта болушу керек” деген пикирин билдирген. Кийинчерээк бул демилгени президент Садыр Жапаров колдоп, мамлекеттик символду өзгөртүү заман талабы экенин айткан.

Бул сунуш коомчулукта кызуу талаш-талкуу жараткан.

Нурланбек Тургунбек уулу кийинчерээк парламентте азыркы гимн эгемендиктин алгачкы жылдарында кабыл алынгандыктан аны өзгөртүү керектигин билдирген. Ошондой эле гимн ырдаганга оор экенин, алтургай "куштарды үркүткөн учурлар болгон" деген окуяны укканын айткан.

"Биз тууну өзгөрттүк, эми гимнди да өзгөртүшүбүз керек. Себеп дегенде гимн кабыл алынганда Советтер Союзунун курамынан чыгып, алгачкы азаттык кадамдары болгон. Ырдаганга дагы оор. Ар бир кыргыз бул гимнди ырдай албайт. Бул марш. Ошон үчүн бул Жогорку Кеңештин укугу, милдети. Биз жакында гимнди өзгөртөбүз. Учурунда биздин бир президентибиз, анын атын айтпай эле коёюн, бир чет өлкөгө барды дейт. Ошондо биздин гимнди ырдаганда, "таа-та-та-таң" дегенде дарактагы куштар учуп кетти дейт. Анан ошол тосуп алган өлкөнүн гимни ырдалганда куштар сонун болуп кайра конуп калды дейт", - деген эле Тургунбек уулу.

Былтыр жыл башында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы вариантына сынак жарыялаган. Анда 488 жарандан жалпысынан 703 сунуш келип түшкөнү, анын ичинен бардык талаптарга жооп берген 165 жарандан 285 долбоор каттоодон өткөнү, алардын арасынан 16сы тандалып алынганы белгилүү болгон.

Апрель айында гимнди өзгөртүү боюнча мекеме аралык комиссия сунушталган долбоорлорду угуп чыгып, мазмундук жана көркөм талаптарга толук жооп берген чыгарма табылган жок деген бүтүмгө келген жана кайрадан сынак жарыяланган.

Бирок сынактын жобосу өзгөрүп, биринчи этапта гимндин тексти тандалып, экинчи этапта ага музыка жазылат деп чечилген. Былтыр июль айында Маданият министрлиги жаңы гимндин беш варианты тандалып алынганын билдирген жана ал тексттердин музыкасы үчүн кайра сынак жарыяланган.

Дагы караңыз “Мурдагы деңгээлине жетпесе, өзгөртүүнүн кереги жок”. Гимнге тандалган тексттер талкуу жаратты

Комиссиянын мүчөсү, филология илимдеринин доктору Сыртбай Мусаев үч варианттын биринин тексти жагарын айтты, бирок төгөрөгү төп келгени, баарынын купулуна толгону жок экенин белгиледи:

Сыртбай Мусаев

"Мага акыркы текст жаккан. Мен ушул соңунда тандалып алынган үч автор биригип алып, бир текст жазышар деп да ойлойм. Жакшы текст болсо жакшы музыка дагы жаралып калар деген ойду айткам. Мен ошол тексттеги "азаттык" деген сөздү эркиндик деп алмаштыргыла деп айткам. Анткени азаттык азыр колубузда, чөнтөгүбүздө турат. Өнүгүү, бийиктөө жөнүндө чагылдырылсын деген ойду айткам. Ошону оңдошуптур. Ошол текст мага азырынча жагат. "Казанда болгон нерсе чөмүчкө чыгат" эмеспи. Чындыгында азырынча "казаныбыз" тайыз болуп жатат. Парламенттен өтпөй калса кайра иштейбиз. Шашкалактап, бат эле болсун деген маселе болбошу керек. Жакшынакай текст, музыка чыгышы керек. Ушул багытта иштей беришибиз керек. Эки жолу сынак болду, керек болсо үч-төрт жолу иштешке туура келет".

Мусаев жактырдым деп жаткан текст жогорудагы сөз болгон советтик композитор Мураделинин обонуна салынган вариант болчу.

Дагы караңыз "Символдорду өзгөртөбүз деген илдет болуп калды"

ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети натыйжада үч вариантты тең четке какты. Комитеттин төрагасы, депутат Курманкул Зулушев "Азаттыкка" комментарий берип жатып бул чечим парламенттин жалпы жыйынында караларын билдирди:

"Биз үч вариантты тең чогуу уктук, көрдүңүздөр. Үчөөнүн тең тексти дагы, музыкасы дагы кандайдыр бир жетишпегенсийт. Ошондуктан четке кагуу сунушун бердик. Эртең палатада караганда биз мөөнөтүн белгилейбиз, ошого карата калганы чечилет. Комиссия ишин токтотпойт, иштейт. Өздөрү деле айтып жатышпайбы, бышып-жетилди деп келишсе аны кайра карап беребиз деп. Балким жарым жыл, балким үч керек болоттур, балким андан дагы көп болушу мүмкүн. Комиссия жеткире иштесин. Гимндин жаңы варианты азыркысынан жогору болушу керек. Ошондо гана биз кабыл алышыбыз керек. Эгер жаңысы кабыл алынбаса азыркысы колдонула берет, аны эч ким жокко чыгарган жок".

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев эгер парламент дагы комиссия тандап алган үч вариантты четке какса гимн мамлекеттик буйрутма менен дагы жаздырылышы мүмкүн экенин айтты:

Мирбек Мамбеталиев

"Эми дагы сынак өткөрөбүзбү, же мамлекеттик буйрутма менен жаздырабызбы, муну дагы кеңешип чечебиз. Комиссияны кайра чогултуп, кайра карап чыгабыз. Комиссиянын курамы өзгөрүп калышы мүмкүн. Анткени мурдагы конкурста акындар дагы, композиторлор дагы болгон. Бирок алар сынакка катышабыз деп комиссиянын курамынан чыгышкан. Эми дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Өзүңөр деле уктуңар, комиссия мүчөлөрү деле айтышты, 1992-жылы гимн кабыл алынгандан бери азыркы жашообуз башка болуп калды, биз өнүгүүгө кетип жатабыз дешти. Биз комиссияны кайра чогултуп, баарын кеңешип чечебиз", - деди Мамбеталиев.

Эгемен Кыргызстандын гимни 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынган. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган. 2013-жылы улуттук символиканы өзгөртүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия гимндин экинчи куплетиндеги “бейкуттук” жана “досторуна даяр дилин берүүгө” деген мааниси талаштуу сөздөрдөн улам аны алып салууну чечишкен. Бул өзгөртүү бир топ талаш-тартыш менен коштолгон.