CSIS: Орусия менен Украинанын согуштагы жоготуулары эки миллионго жакындады

Санкт-Петербургдагы көрүстөн.

Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борбору (CSIS) согуш уланып жаткан төрт жылдан бери Орусиянын жана Украинанын жоготуулары, каза тапкандар менен жарадарларды санаганда, 2 миллион кишиге чукулдаганын билдирди.

Эксперттердин маалыматына ылайык, 2022-жылдын февралынан бери орусиялык 325 миңдей аскер набыт болду. Жаракат алгандар менен дайынсыз кеткендерди кошкондо Орусияда жалпы жоготуулар 1 миллион 200 миңге жакындайт.

Борбордун аналитиктери Экинчи дүйнөлүк согуштан бери бир да ири держава ушунча көп жоготууга учурабаганын белгилешет. Алардын баамында орус армиясы СССРдин Ооганстандагы согушу менен салыштырганда 17 эсе көп аскеринен айрылды.

Ошол эле маалда, докладда жазылгандай, Орусия 2024-жылдын январынан бери кошуна өлкөсүнүн болжол менен 1,5% жерин ээлеп алып, жалпы жонунан 20% аймагын көзөмөлдөп турат.

Майданда каза тапкан орус аскерлеринин саны БиБиСи, "Медиазона" жана ыктыярчылар тобу ачык булактарга таянып жүргүзгөн статистикага жалпысынан дал келет.

Украин куралдуу күчтөрүнүн жоготуулары 500-600 миң, анын ичинде каза тапкандар 140 миңге чейин жетиши мүмкүн деп көрсөтүлгөн.

Согуш шартында тараптар жоготуулары тууралуу маалыматтарды адатта ачыкка чыгарбыйт.

Дагы караңыз

Орусия Киев облусунда көп кабаттуу үйгө сокку уруп, эки адам мерт кеттиӨзбекстан Орусиядан миграциялык рейд учурунда өзбек жарандарынын укуктарын бузбоону талап кылдыИИМ: Үч жылда Кыргызстанда видеокамералар аркылуу издөөдө жүргөн 3 миңдей киши табылды