Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:00

Орусия Киев облусунда көп кабаттуу үйгө сокку уруп, эки адам мерт кетти

Киев аймагындагы орусиялык дрондун чабуулунан кийинки көрүнүш. 28-январь, 2026-жыл.
Киев аймагындагы орусиялык дрондун чабуулунан кийинки көрүнүш. 28-январь, 2026-жыл.

Орусиянын аскерлери 28-январга караган түндө Киев облусунун Буча районундагы көп кабаттуу үйгө чабуул коюп, эки киши мерт кетти. Бул тууралуу Киев облусунун аскердик администрациясынын башчысы Николай Калашник билдирди.

Анын сөзүнө караганда, аял жана эркек каза болгон, дагы төрт киши медициналык жардам сурап кайрылган.

Чабуулдун жыйынтыгында жетинчи кабаттагы батирдин чатыры күйгөн. Украин Чукул кырдаалдар кызматы маалымдашынча, өрт өчүрүлгөн.

Запорожьеде 12 жер үй жабыркады, айрымдарында электр энергиясы жоктугун облустук администрация башчысы Иван Федоров маалымдады. Эки адам жаракат алган, бири 88 жаштагы аял.

Одесса облусунун башчысы Олег Кипер Киев районунда орусиялык дрондор православ монастырын жана бир үйдү бутага алган. Баштапкы маалыматтар боюнча жабыркагандар жок.

Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын февралынан бери дрон, ракета чабуулдарынан миңдеген кишинин өмүрү кыйылды. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы аскердик жайларга гана сокку урарын билдирип, карапайым тургундар отурукташкан аймактарга чабуул болгонун четке кагып келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG