Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:10

Мамлекеттик автомектептерде окуунун баасы 19 миң сом деп бекитилди

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков мамлекеттик автомектептерде курсанттарды окутуунун баасы аныкталып, 19 миң сом деп бекитилгенин билдирди.

Бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, практика учурундагы күйүүчү май сыяктуу чыгымдарды курсанттар өз чөнтөгүнөн төлөй турганын кошумчалады. Анын сөзү боюнча, менчик автомектептерде окуунун жана практикалардын баасы биригип 35-36 миң сомдун тегерегинде болчу.

Бул жааттагы талаш-тартышка президент Садыр Жапаров да комментарий берип, жеке автомектептерди мамлекеттик башкарууга өткөрүү чечимин коррупциялык иштерди токтотуу жана айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максаты менен түшүндүрдү. Бирок автомектептер кайсы мыйзамдын, кандай эреже менен мамлекетке өтөрүн түшүндүргөн жок.

Садыр Жапаров окутуунун начарлыгынан жеке автомектептердин бүтүрүүчүлөрү азыр бир нече жолу экзамен тапшырып өтө албай жатышканын, менчик автомектептерде иштеген адистер мамлекеттик автомектептерге жумушка алынарын айтты.

Кыргызстандагы менчик автомектептердин ээлери 23-январда курсанттарды каттаган тутумдун иши эч кандай эскертүүсүз токтотулуп, окутуу процесси үзгүлтүккө учураганын айтып чыгышты. Алар 26-27-январь күндөрү катары менен Мамлекеттик транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо борборунун борбордук аппаратына чогулуп, түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан.

Бул маселени Жогорку Кеңештин бир нече депутаты парламенттин 28-январдагы жыйынында көтөрүп, депутаттык комиссия түзүү сунушун беришти.

В жана С категориясындагы айдоочулук күбөлүктөрдү алуу боюнча жаңы окуу программасы бекитилген. Эми В категориясы үчүн окуунун мөөнөтү 480 саат же 10 ай болот. ВС категориясындагы күбөлүктү алуу үчүн курсанттар 12 ай окуйт.

Теориялык экзаменди жасалма интеллект алат. Буга чейин жолдо жүрүү эрежелери боюнча 750 суроо болсо, эми ал 2000ге чейин көбөйтүлдү.

Буга чейин менчик автомектептердин ээлери В категориясына 70 миң сом, ВС үчүн 88 миң сом болот деген маалымат бар экенин, практикалык окууну кошкондо окуу 100 миң сомдон ашып кетерин билдиришкен.

Кыргызстанда жалпы 345 автомектепке лицензия берилген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG