Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:03

Менчик автомектептердин маселеси боюнча комиссия түзүү сунушталды

Менчик автомектептердин ээлери.
Менчик автомектептердин ээлери.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары парламенттин 28-январдагы жалпы жыйынында Кыргызстанда менчик автомектептердин ишинин токтотулушу тууралуу маселени көтөрүштү.

Депутат Дастан Бекешев айрым автомектептердин имараттары жабылып, мүлкүн алып чыгып кете албай жатышканын айтып, айдоочулук күбөлүк алуу үчүн окутуунун жаңы эрежелерин боюнча да нааразылыктар көп экенин кошумчалады.

“10 ай окуу өтө көп. Убакыт, каражат көп кетет. Жөн эле алып караганда автомектепке барып келиш үчүн эле бир топ акча коройт”, - деди ал.

Депутат көйгөйдү парламенттин тармактык комитетинде талкуулап, кийин Жогорку Кеңешке алып чыгуу демилгесин көтөрсө, дагы бир эл өкүлү Куванычбек Конгантиев депутаттык комиссия түзүү сунушун берди. Ушул эле маселени депутаттар Болот Ибрагимов, Улукбек Карыбек уулу жана Кундуз Сулайманов да көтөрдү.

Кыргызстандагы менчик автомектептердин ээлери 23-январда курсанттарды каттаган тутумдун иши эч кандай эскертүүсүз токтотулуп, окутуу процесси үзгүлтүккө учураганын айтып чыгышты. Алар 26-27-январь күндөрү катары менен Мамлекеттик транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо борборунун борбордук аппаратына чогулуп, түшүндүрмө берүүнү талап кылышты.

Алар окуунун жаңы программасы, менчик автомектептердин тагдыры кандай болору тууралуу так чечим жок экенине, алган лицензиялары жарактуу туруп иши токтоп калганына нааразы болушууда. Алар лицензия мыйзам бузууларга байланыштуу соттун чечими менен гана алынарын айтып жатышат.

Реформаны ишке ашырып жаткан президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев бул дооматтарга Фейсбуктагы баракчасында жооп берген. Ал мындан ары курсанттарды мамлекет көзөмөлдөгөн автомектептер гана окутарын, февраль айынын орто ченинен тартып жаңы бекитилген окуу стандартына ылайык жаңы окутуу планы менен курсанттар кабыл алына баштарын жазды. Ал буга чейин “Ынтымак ордодо” жеке автомектептердин жетекчилери менен жолугушууда эскертүү берилгенин, бул жааттагы реформа жол кырсыктарын азайтуу, айдоочулук күбөлүк берүүдөгү коррупцияны жоюуга багытталганын билдирди.

Ал эми менчик автомектептердин ээлери курсанттарды кабыл албай туруу боюнча сунуш гана берилгенин, анын юридикалык күчү жок экенин жүйө кылып жатышат.

В жана С категориясындагы айдоочулук күбөлүктөрдү алуу боюнча жаңы окуу программасы бекитилгени кабарланган. Эми В категориясы үчүн окуунун мөөнөтү 480 саат же 10 ай болот. ВС категориясындагы күбөлүктү алуу үчүн курсанттар 12 ай окуйт.

Теориялык экзаменди жасалма интеллект алат. Буга чейин жолдо жүрүү эрежелери боюнча 750 суроо болсо, эми ал 2000ге чейин көбөйтүлдү. Окуунун баасы канча болору расмий айтыла элек. Бирок менчик автомектептердин ээлери В категориясына 70 миң сом, ВС үчүн 88 миң сом болот деген маалымат бар экенин, практикалык окууну кошкондо окуу 100 миң сомдон ашып кетерин билдиришти.

Кыргызстанда жалпы 345 автомектепке лицензия берилген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG