Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:21

Францияда 15 жашка чейинки балдарга соцтармак колдонууга тыюу салган жобо жактырылды

Франциянын президенти Эммануэл Макрон
Франциянын президенти Эммануэл Макрон

Франция парламентинин төмөнкү палатасы – Улуттук ассамблея 15 жашка чейинки балдардын соцтармактарды пайдалануусуна тыюу салган жобону жактырды.

Дүйшөмбүдө документ колго салынганда аны 130депутат колдоп, 21и каршы добуш берди.

Эми мыйзам долбоорун Сенат карамакчы.

Президент Эммануэл Макрон мыйзам чыгаруучуларды аны тездетилген режимде талкуулап, жактырууну өтүнгөн. Бийлик жаңы эреже балдардын психикалык саламаттыгын коргоону көздөгөнүн айтып келет.

Le Monde гезити белгилегендей, мыйзам долбоордогу «15 жашка чейинки жеткинчектердин социалдык түйүндөргө кирүүсүнө тыюу салуу» деген туюндурма ошол социалдык тармактарга жоопкерчиликти жүктөбөйт. Эмне дегенде соцтармактардын ишин Еврокомиссия тескейт.

Француз өкмөтү документ кабыл алынса, онлайн-платформалар колдонуучулардын жашын текшерүү системасын киргизүүгө аргасыз болот деп ишенет.

Андан тышкары сөз болгон мыйзам долбоорунда 11-15 жаштагы өспүрүмдөр окуган орто мектептерде (коллеж) чөнтөк телефондорун пайдаланууга киргизилген чектөөнү кеңейтүү каралууда. Тиешелүү жобо 2018-жылдан бери иштеп келатат. Эми лицейлерде (жогорку класстардагы мектептер) да мобилдик телефондорго тыюу салынмакчы.

Буга чейин Австралия 16 жашка чыга элек балдардын социалдык тармактарды колдонуусуна тыюу салган дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калган. Бийлик чектөө жаштарды интернеттеги ыдыктан, жалган маалыматтан, мыйзамсыз мазмундан коргоону көздөйт деген жүйөсүн айтып келди.

Жаңы жобо TikTok, YouTube, Instagram, Facebook, Snapchat, Reddit жана X платформаларына тиешелүү. WhatsApp, электрондук почта, онлайн оюндарга жана билим берүү долбоорлоруна чектөө киргизилбейт.

Австралиянын премьер-министри Энтони Албанезе мыйзам жеткинчектерге нормалдуу балалык доорду өткөрүүгө, ата-энелерге сарсанаа болбой жашоого өбөлгө түзүп, башка өлкөлөргө үлгү болорун билдирген.


Шерине

XS
SM
MD
LG