Орусия Сириядагы Эл-Камышлы аэродромунан аскерлерин чыгарууда. Акыркы жумаларда Дамаск өкмөтү күрддөр башкарып келген чөлкөмдө өз көзөмөлүн орнотуу аракеттерин күчөткөн. Орусия аскерлерин чыгарып жатканын Рейтер агенттиги булактарына таянып жана бир катар араб маалымат каражаттары жазышты.
Сириянын түндүк-чыгыш бөлүгүндөгү Эл-Камышлыга орус бөлүктөрү 2019-жылы жайгаштырыла баштаган. Маалыматка ылайык, ал жактагы аскерлердин саны Тартус жана Хмеймим базаларына караганда азыраак болчу. Булактардын айтымында, акыркы эки күндө орус аскердик техникасы жана оор курал жабдуулары Хмеймим базасына которула баштады. Аскерлердин бир канчасы ошол жакта калып, калгандары мекенине кайтмакчы.
Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматка байланыштуу комментарий бере элек. 26-январда орус желеги базада желбиреп турганы маалымдалды. Рейтер агенттигине сүйлөп берген булак Сириянын жаңы бийлиги орусиялыктарды Камышлыдан чыгып кетүүнү суранганын айтты.
Орусия ал өлкөдөгү жарандык согушта Башар Асаддын режимин колдоп келген. 2024-жылы декабрда бийлик кулатылгандан кийин орус аскерлери ал жакта кала берген жана Москва Ахмед аш-Шараа жетектеген өкмөттү тааныган.
Күрддөр баштаган Сириянын демократиялык күчтөрү - SDF былтыр жылдын аягына чейин бирдиктүү сириялык армияга кошулушу керек болчу. Бир нече жумага уланган кагылышуулардан кийин күрд кошуундары жаңы бийлик менен макулдашууга барууга аргасыз болду.
Ага ылайык, күрддөр 10 жыл көзмөлдөп келген аймак Сириянын борбордук бийлигине өткөрүлүп бермекчи.
Шерине