Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:02

Орус аскерлери Украинанын энергетикалык жайларын кайра бутага алды

Одесса шаары орус армиясынын соккусунан кийин. Украина, 27-январь 2026-жыл
Одесса шаары орус армиясынын соккусунан кийин. Украина, 27-январь 2026-жыл

27-январга караган түнү орус аскерлери Украинанын жер-жерин аткылаганы, ондогон киши жабыркаганы кабрланды.

Одессада бир киши каза тапканын, 35и жарадар болгонун жергиликтүү бийлик билдирди.

Маалыматка караганда, көп кабаттуу ондогон турак жай, чиркөө, бала бакча, лицей, фитнесс борбору, машинелер жарым-жартылай талкаланды, жер-жерде өрт тутанды.

Бутага энергетикалык жайлар алынып, ДТЕК энергетикалык компаниясы инфраструктура «эбегейсиз» зыян тартканын билдирип, шаардагы абалды "өтө курч" деп сыпаттады. Адистер энергетикалык системаны калыбына келтирүүгө бир нече күн кетерин болжолдошот. Украин президенти Владимир Зеленскийдин айтымында, түн ичинде Орусия шаарга 50 чакты дрон атты.

Запорожье облусунун бийлиги орусиялык учкучсуз учактын соккусунан 58 жаштагы аял набыт болгонун билдирди.

Харьковдун да энергетикалык инфраструктурасына сокку урулуп, калаанын басымдуу бөлүгү – 80 пайыздайы электр жарыгысыз калды.

Львов облусунда орус ракетасы Броды шаарына тийгенде энергетикалык жай жабыркап, калың түтүндөн улам мектептерде сабактар болбой калганын жергиликтүү Телеграм-каналдар жазышты.

Киев катуу суукта энерегетикалык инфраструктураны атайылап керектен чыгарууну согуш кылмышы деп эсептейт.


Шерине

XS
SM
MD
LG