Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:03

Башкаруу академиясы студенттерге 13 млн сом кайтарып берүү талабы боюнча түшүндүрмө берди

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын студенттерге 13 млн сом кайтарып берүү талабы тууралуу түшүндүрмө таратты.

Маалыматка ылайык, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы окуу жайды текшерип, жыйынтыгында 2020-2024-жылдар аралыгында окуган студенттерге 13 млн сом кайтарып берүү керектигин эскерткен.

Окуу жайдын басма сөз кызматы бул жерде кеп бакалавриат программасынын 2020-2024-жылдардагы бүтүрүүчүлөрү тууралуу болуп жатканын ырастап, бирок ал кезде студенттер окутуунун сапатына даттанышпаганын билдирди.

"Академия окуу процессин уюштуруу алкагында келишимдеги милдеттерин толук аткарган жана окуусун ийгиликтүү аяктаган студенттер мамлекеттик үлгүдөгү диплом алышкан", - деп жазылган маалыматта.

Академия ошондой эле окуу акысы 2014-жылдан берки келишим боюнча жылына 46 миң сомду түзөрүн, ошол бойдон келе жатканын, социалдык жоопкерчилик принцибинин негизинде бул сумма өзгөрүүсүз каларын кошумчалаган.

Мопонолияга каршы жөнгө салуу кызматынын башчысы Жээналы Орозбаев 26-январда Жогорку Кеңештин Каржы, бюджет, ишкерлик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин жыйынында окуу жайлардагы келишим баалар көтөрүлүп жатканы тууралуу маалымат берген. Ал 2016-жылы билим берүү системасындагы мекемелер мамлекеттик тескөөгө алынгандан бери айрым окуу жайлар келишим акысын 200 пайызга чейин жогорулатып жиберишкенин айткан.

Орозбаевдин сөзүнө караганда, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз улуттук университетине 23 млн сом, ал эми президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына 13 млн сомду студенттерге кайтарып берүү талабы менен эскертүү берилген.

Кыргызстанда 81 жогорку окуу жайы бар.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG