Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы Т.К.А. аттуу жаран опузалап акча талап кылууга жана кыйноого шек саналып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.
Мекеменин басма сөз кызматы 27-январда билдиргендей, укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы жүрүп жаткан иш-чаралардын алкагында аталган РИИБдин айрым кызматкерлери М.К. аттуу кармалган жарандан опузалап акча талап кылганы жана кыйнаганы аныкталган.
Атайын кызматтын маалыматында "Ысык-Көл райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы Т.К.А. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, зомбулук көрсөтөм деп коркутуп жана кармоочу жайда ыңгайлуу шарттарды убада кылып, шектүүдөн акча талап кылган. Жаран акчаны төлөөдөн баш тартканда Т.К.А. жана башка милиционерлер аны кыйноого алышкан. Бул окуя ачыкка чыккандан кийин Т.К.А. кызматынан өз ыктыяры менен кеткен", - деп жазылган.
Шектүү Т.К.А. кармалып, Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланып жатканы, анын алкагында Ысык-Көл райондук милициясынын башка кызматкерлери бул окуяга тиешеси бар-жоктугу текшерилип жатканы кабарланды.
УКМК ички иштер органдарында иштеген ондогон кызматкерлерди коррупцияга жана башка мыйзамсыз иш-аракеттерине шек санап кармаган учурлар буга чейин да болгон. Айрымдарын кызмат ордунан, жыйында көпчүлүк кесиптештеринин көзүнчө колуна кишен салып алып кеткен же пара алып жаткан жеринен кармаган.(ZKo)
Шерине