АКШнын президенти Дональд Трамп Иранды көздөй америкалык аскердик кемелеринен турган дагы бир кербен жолго чыкканын, ал тез жылып жатканын билдирди.
“Учак ташуучу Abraham Lincoln кемеси баштап бараткан флотилия Венесуэлага жөнөтүлгөндөн көп. Армада керек болсо Венесуэладагыдай эле күч колдонуу менен миссиясын тез аткарууга даяр, дилгир жана ага дарамети жетет”.
Трамп Иран сүйлөшүүлөр үстөлүнө отуруп, бардык тараптардын кызыкчылыгына төп келген өзөктүк программасы боюнча келишим түзөт деп ишенерин айтты. Президент андай болбосо, Тегеран былтыр июнда болгон соккулардан катуу чабуулдарга туш болорун эскертти. Өткөн жылы Израилдин аркасынан АКШ Ислам жумуриятынын өзөктүк жайларын бомбалаган. Батыш Тегеран өзөктүк куралдын үстүнөн тымызын иштеп жатканын айтса, Иран бийлиги муну танып келатат.
27-январда Жакынкы Чыгышка АКШнын учак ташуучу кемелеринин тобу барганы кабарланган.
Ислам жумуриятында өкмөткө каршы толкундоолор башталгандан бери Трамп демонстранттарга крашы күч колдонулса, Иранга аскердик чабуул коюлушу ыктымал деп эскертип келатат.
26-январда Трамп Axios басылмасына берген маегинде Тегеран келишим түзүүнү каалайт деп айткан.
Шаршембиде Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары тышкы иштер министри Аббас Аракчи Вашингтондун Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф менен байланышпаганын жана сүйлөшүү өткөрүүнү сурабаганын жазышты.
Маалыматка караганда, министр "коркутуу, сес көрсөтүү" шартында сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүн эмес деп айтты.
Иранда ири толкундоолор тутанганына туура бир ай болду. Америкада жайгашкан HRANA уюмунун маалыматына караганда, нааразылык акцияларында 6 миң 126 кишинин каза тапканы ырасталды, ал эми 17091 кишинин өлүмү такталып жатат. Айрым маалымат каражаттары бул сан мындан да жогору болушу мүмкүн деп болжолдошот.
Нааразылык улуттук валюта - риалдын кескин арзандашынан жана инфляциянын өсүшүнөн башталып, саясий эркиндиктер тууралуу талаптар да коюлган.
27-январда ирандык акчанын куну ого бетер качып, бир доллар 1,5 миллион риалды түздү.