CSIS: Орусия менен Украина согушта 2 миллиондой жоготууга учурады
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
27-январдын кечинде Харьков облусунда жүргүнчү поезд дрон чабуулуна кабылып, беш киши мерт кетти. Украин куралдуу күчтөрүнүн эртең мененки маалыматына ылайык, Орусия түн ичинде 146 пилотсуз учак жана баллистикалык ракета менен сокку урду, анын 103ү атып түшүрүлдү. CSIS борбору Орусия менен Украинанын согуштагы жоготуулары эки миллионго жакындаганын жарыялады.