Орусия жана Украина аскерлердин сөөктөрүн айырбаштады

Орусиядан кайтарылган украиналык аскерлердин сөөктөрү салынган машиналар. Украина, 11-июнь, 2025-жыл.

Орусия жана Украина майданда курман болгон аскерлердин сөөктөрүн айырбаштады. Орус Мамлекеттик думасынын депутаты Шамсаил Саралиевдин маалыматына караганда, каршы тарапка миң, Орусияга 38 аскердин сөөгү өткөрүлүп берди. Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматка байланыштуу комментарий жасай элек.

Украинанын Согуш туткундары боюнча координациялык штабы орусиялыктар украиналык аскерлерге таандык деген бардык сөөктөр тек-жайын аныктоо үчүн экспертизага берилерин маалымдады.

ДНК анализдерди текшерип чыгуу бир нече айды талап кылмакчы.

Стамбул макулдашууларынын алкагында акыркы жолу тараптар былтыр 19-декабрда каза тапкандардын сөөктөрүн алмашкан. Ошондо Орусия Украинага 1003 сөөктү берип, 26ны алган.

Былтыр сентябрда Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко Орусия сөөктөрдү башаламан тапшырганын, кээ бир учурларда орусиялык аскерлердики да табылганын сындаган.

27-январда Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борбору (CSIS) согуш уланып жаткан төрт жылдан бери Орусиянын жана Украинанын жоготуулары каза тапкандар менен жарадарларды санаганда, 2 миллион кишиге чукулдаганын билдирген.

Эксперттердин маалыматына ылайык, 2022-жылдын февралынан бери орусиялык 325 миңдей аскер набыт болду. Жаракат алгандар менен дайынсыз кеткендерди кошкондо Орусияда жалпы жоготуулар 1 миллион 200 миңге жакындайт.

Украин куралдуу күчтөрүнүн жоготуулары 500-600 миң, анын ичинде каза тапкандар 140 миңге чейин жетиши мүмкүн деп көрсөтүлгөн.

Согуш шартында тараптар жоготуулары тууралуу маалыматтарды адатта ачыкка чыгарбыйт.

Дагы караңыз

Социалдык фонддо санарип маалыматтык система иштелип жататОрусияда бир жылда мигранттар 10% азайды Айдоочулук күбөлүктүн түйшүгү. Менчик автомектептердин иши токтотулат