30-январда Бишкек шаардык сотунда журналист Канышай Мамыркулованын апелляциялык арызы боюнча соттук териштирүү уланды.
Соттук отурумда адвокат Акынбек Ногоев Мамыркулованын ишине байланыштуу 2 жолу соттук-лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн Таалайбек Абдыкожоевдин бүтүмүнө альтернативдүү бүтүм жазылганын, аны көз карандысыз эксперт, лингвист Нуржан Нарынбаева жүргүзгөнүн айтты.
Адвокат мындан мурунку отурумдарда кыргыз тилинде жазылган постторго орус тилинде экспертиза жүргүзгөн Абдыкожоев кыргыз тилин толук билбестигин өзү моюндаганын, анын эксперттик корутундусунда бүтүм туура эмес берилип, сөздөр орус тилине маанисине карабай которулуп калганын айтты. Мындан улам көз карандысыз экспертке кайрылып, анын чыгарган бүтүмүн иштин материалдарына тиркеп коюуну суранды. Соттук коллегия өтүнүчтү канааттандырды.
Отурумда адвокаттар тобу комиссиялык соттук-лингвистикалык экспертиза жүргүзүүнү да өтүнүштү, бирок соттук коллегия аны четке какты.
Коллегия иш убактысы бүтүп калганына байланыштуу ишти кароону 10-февралга жылдыруу чечимин кабыл алды.
2025-жылы 3-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту Канышай Мамыркулованы күнөөлүү деп таап, алты жылга кесип, төрт жылдык пробация жазасын чегерген. Үч жарым ай тергөө абагында отурган журналист сот залынан бошотулган. Анын адвокаттары райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арыз берген.
Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар кыргыз бийлигине кайрылып, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан.
50 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. Акыркы жылдары Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген.(KS/ZKo)