2025-жылы Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы 157 млрд 400 млн сом чогулткан, киреше беш жыл мурдагыдан 6 эсе өскөн. 2020-жылы 28 млрд сом болгон. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик бажы кызматынын коллегиялык жыйыны учурунда билдирди.
Өкмөт башчы мындай жетишкендикке “Смарт бажы” улуттук санариптик платформасынын салымы чоң болгонун кошумчалады.
“Эгерде биз убагында бажы системасын санарипке өткөрбөсөк, олуттуу ажырым боло бермек, ортодон далай “көмүскө миллионерлер” чыкмак” - деп белгиледи Адылбек Касымалиев.
Өкмөт башчы Мамлекеттик бажы кызматына бир катар тапшырмаларды, анын ичинде быйыл бажы төлөмдөрү боюнча 142,6 млрд сом өлчөмүндөгү болжолдук көрсөткүчтөрдүн сөзсүз жана толук аткарылышын тапшырды.
Кыргыз өкмөтү жыл аягында 2025-жылы экономика 10% ашык өсүп, бюджеттин капчыгы 1 трлн сомдон ашканын маалымдаганы коомчулукта кызуу талкуу жараткан.(ZKo)
Шерине