Президент Садыр Жапаров 30-январда “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.
Президенттин сайтында жарыялангандай, мыйзамдын максаты - сатып алууларды жүргүзүүдө бюджеттик каражаттарды натыйжалуу жана сарамжал пайдалануу.
Өзгөртүлгөн мыйзамга ылайык, мамлекеттик деңгээлде эл аралык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдан тышкары жүргүзүлөт жана буйрутма берүүчү менен аткаруучунун ортосундагы келишим аркылуу жүзөгө ашырылат.
Ошондой эле мыйзам менен “мамлекеттик тапшырма” түшүнүгү киргизилген. Бул мамлекеттин катышы менен юридикалык жактарга бюджеттин эсебинен буйрутма берүү болуп саналат. Анын алкагындагы сатып алуулар да "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдан тышкары жүргүзүлөт.
Түшүндүрмөгө ылайык, мыйзам айрым тармактардагы бюджеттен каржыланган сатып алууларды ыкчам жүргүзүүгө багытталган. Ал эми бюджеттик каражаттын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн тараптар ар бири жеке жоопкерчилик алышат.
Аталган мыйзамды 22-январда Жогорку Кеңеш кабыл алган.
Андар мурдараак, 14-январь күнү Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу мамлекеттик сатып алууларда жүргүзүлүп келген тендерди алып салууну сунуштаган. Ал тендерди эң ириде "курулуштагы тоскоолдук" деп атап, аны жоюуга байланыштуу мыйзам долбоорун кароо президент Садыр Жапаров менен макулдашылганын билдирген.
Президент Садыр Жапаровдун тушунда мамлекеттик сатып алууларга байланыштуу мыйзамдар өзгөрдү, мамлекет башчы өзү да башынан бери эле тендердин кемчиликтерин айтып келет. (ZKo)
Шерине