Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:11

№13 шайлоо округу боюнча талапкерлерди көрсөтүү аяктады

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо. 2025-жыл, 30-ноябрь. Бишкек.
Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо. 2025-жыл, 30-ноябрь. Бишкек.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 29-январда №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди көрсөтүү аяктаганын билдирди.

Боршайкомдун маалыматында жалпысынан 31 адам талапкер болуу үчүн арыз берди. Алардын 21и эркектер, калган 10у аялдар. Ушул күнгө чейин 11 талапкер катталды, төрт киши арызын кайтарып алса, БШК бир адамды талапкер кылып каттоодон баш тартты.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн. №13 округдагы мыйзам бузууларга байланыштуу БШК андагы добуш берүүнүн жыйынтыгын 3-декабрда жокко чыгарган. Бул аймактагы 35 добушканада шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөө максатында камералар орнотулганы, үгүтчүлөр ким кандай добуш бергенин байкап турганы ачыкка чыккан.

Кайра шайлоо 1-мартта өтөт. Үгүт иштери 9-февралда башталып, 28-февралда аяктайт.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы 2025-жылдын декабрь айында ишин баштап, ушул тапта парламентте 87 депутат бар. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG