Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөн каражатты мыйзамсыз чыгарууну экономикалык коопсуздукка тикелей коркунуч деп атады. Бул тууралуу Tengrinews.kz “Ак ордонун” басма сөз кызматына шилтеме менен кабарларды.
Ал эми “Азаттыктын” казак редакциясы Токаевдин банктардын бири чет өлкөгө 7 трлн теңге (14 млрд доллар) которгонун сындаганын, бирок кийин ал билдирүү мамлекет башчынын кеңсесинин сайтынан алынып салганына көңүл бурат.
Жергиликтүү бир катар сайттар да Токаевдин ошол сөздөрүнүн видеосун жана тексттерин алып салды.
“Ак ордо” жана башка медиа муну түшүндүрө элек.
Маалыматка караганда, президент Каржы мониторинги боюнча агенттикте сүйлөгөндө: “Төрага Элиманов былтыр банктардын бири аркылуу бир кошуна өлкөдөн экинчисине 7 трлн теңгеден ашуун акча которулганын жакында айтты. Четтен чыккан бул факт мыйзамга, экономикага жана саясатка каршы келет”, - деп билдирген.
Кеп кайсы банк жана кайсы өлкөлөр тууралуу жүргөнү айтылган жок.
13 млрд доллар Казакстандын бүтүндөй банк системасынын активдеринин ондон бир бөлүгүн түзөт жана өлкө бюджетинин үчтөн бир бөлүгүнө жетпейт.
Жыйындын жана бул билдирүү жасалган күндүн эртеси казак президенти жардамчысы, басма сөз катчысы Руслан Желдыбайды кызматтан алды. Анын ордуна Тышкы иштер министрлигинин мурдагы расмий өкүлү, дипломат Айбек Смадияров дайындалды. Кадр алмаштыруунун сөз болгон окуяга тиешеси бар же жогу азырынча белгисиз.
Шерине