АКШда Миннеаполис шаарында 37 жаштагы Алекс Преттини аткан эки федералдык агент тергөө аяктагыча ишинен четтетилди. Бул тууралуу The New York Times гезити Ички коопсуздук министрлигинин өкүлүнө шилтеме менен жазды.
Анын айтымында, Чек ара кайгуулунун агенти жана Бажы-чек ара кызматынын кызматкери 24-январда жумуштан четтетилди, бул кадыресе чара.
Мекеме Конгресске 24-январдагы окуянын камералардан алынган видео жана документтерге негизделген ички иликтөөнүн алдын ала отчетун жөнөттү. Анда мурда маалымдалгандай, Претти тапанча көтөрүп жүргөнү айтылган эмес. Документте билгиленгендей, маркум аны кармоого аракеттенген агенттерге каршылык көргөзгөндө ортодо “кармаш” болгон. Андан кийин Чек ара кайгуулунун агенти бир нече жолу “Тапанчасы бар!” деп кыйкырган. Беш секундадан кийин агент, анын артынан Бажы-чек ара кызматынын кызматкери ок чыгарган. Отчетто кимисинин огу Преттиге тийгени белгисиз деп NBC News маалымдады.
The New York Times жана NBC News видеолордун бирин талдап чыгып, курал ташууга уруксаты болгон Претти ок жей электе эле куралсыздандырылган деген жыйынтыкка келишти.
37 жаштагы Алекс Претти Миннеаполисте реанимация бөлүмүндө медицина кызматкери болуп иштечү.
Ага чейин, жыл башында 37 жаштагы Рене Гуд машинесин токтотпой кетип баратканда Иммиграция жана бажы кызматынын агенти аны атып өлтүргөн.
Ошондон кийин калаада мыйзамсыз миграцияга каршы рейддерге нааразылык күчөгөн.
Шерине