Орусиянын соккусунан Запорожьеде көп кабаттуу бир нече үй жабыркады, жаракат алгандар бар. Украина Куралдуу күчтөрү билдиргендей, 30-январга караган түнү Орусия Украинага "Искандер-М" тибиндеги баллистикалык ракета жана 111 учкучсуз учак менен сокку урду. Алардын 80и жок кылынды.
"Баллистикалык ракета жана 25 сокку уруучу дрон 15 жерге тийгени, атып түшүрүлгөн дрондордун калдыктары эки жерде кулаганы катталды", - деп айтылат билдирүүдө.
29-январь кечинде Орусиянын аскерлери Запорожьенин конуштарын аткылаган. Облустук администрация башчысы Иван Федоровдун айтымында, бул чабуулдан жети жер үй жабыркаган. Түн ортосуна жакын шаарга кайрадан сокку урулуп, дрон көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы жерге тийген. Жарылуунун толкуну беш көп кабаттуу үйдү жана эки жеке үйдү зыянга учураткан, терезелер сынып, балкондор талкаланган. Эки аял жаракат алган.
Днепропетровск облусунун аскердик администрация башчысы Александр Ганжанын маалыматына караганда, кечинде жана түн ичинде орус аскерлери Синельников районун аткылаган. Бир эркек киши жаракат алып, орточо оор абалда ооруканага жеткирилген. Чабуулдун кесепетинен инфраструктура объекттери жана жер үй жабыркаган. Никополь районунда көп батирлүү үй, ишканалар жана маданий мекеме зыян тарткан, Павлоградда бир автоунаа зыянга учураган.
Харьков облусунда Купянск районундагы Чоң Бурлук кыштагында колдонулбай турган административдик имаратка сокку урулган. Жарылуудан кийин имараттын чатыры 100 чарчы метр аянтта күйгөн. Жабыркагандар жок.
Шерине