Орусиянын президенти Владимир Путиндин атайын чабарманы Кирилл Дмитриев ишемби күнү, 31-январда Майамиде Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамптын администрациясынын өкүлдөрү менен жолугат. Бул тууралуу Reuters агенттиги эки ишенимдүү булагына таянып жазды.
Бул жолугушуу Орусиянын, Украинанын жана АКШнын өкүлдөрүнүн Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасынын алдында болгону жатат.
Абу-Дабидеги келерки сүйлөшүүгө Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф менен күйөө баласы Жаред Кушнер катышпай турганы белгилүү болгон. Дмитриев алар менен Майамиде жолугуп-жолукпасы кабарланган жок.
Өткөн аптада, 23-январда Кремлде Владмир Путин Жаред Кушнер жана Стив Уиткоффту кабыл алган.
Жолугушуудан кийин Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков сүйлөшүүлөр төрт сааттай болгонун, "мазмундуу жана конструктивдүү", "ачык жана ишенимдүү" өткөнүн билдирген.
23–24-январда Абу-Дабиде Украина, АКШ жана Орусиянын катышуусунда алгачкы үч тараптуу сүйлөшүүлөр өткөн.
Бул жолугушуу алдында расмий Москва Донбасстын бардык аймагынан, анын ичинде Украина көзөмөлдөп турган жерлерден да украин аскерлеринин чыгып кетишин кайрадан талап кылган.
Украина мындай талапка таптакыр каршы экенин билдирип келет.