Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү коркунучу сакталып турганына байланыштуу тоолуу жолдордо, ашууларда кар көчкү түшүүсү ыктымал экенин эскертүүдө. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.
3-февралда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндуз 3…8;
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -2…-7.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1°…+1° , күндүз 9…11° жылуу болот.