Кыргызстанда жынысын өзгөртүүгө жана ага байланышкан документтерди өзгөртүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Депутат Марлен Маматалиев даярдаган долбоордо мындай өзгөртүүгө улуттук-руханий баалуулуктарды жана үй-бүлө институтун коргоо максаты себеп экени жазылган.
“Биринчиден, сот адилеттиги жана жаза аткаруу чөйрөсүндө жаза өтөө ордун (эркектердин же аялдардын колониясы) аныктоо маселеси келип чыгат, бул башка соттолгондордун коопсуздугуна коркунуч келтирет. Экинчиден, аскердик милдет маселелеринде эркектердин мекенди коргоо боюнча конституциялык парзы (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 54-беренеси) күмөн астында калат, себеби административдик процедура аркылуу армияда кызмат өтөөдөн качууга жол ачылат. Үчүнчүдөн, кылмыштуулук менен күрөшүү чөйрөсүндө жынысты өзгөртүү чыныгы тек-жайын жашырууну, сот адилеттигинен качууну жеңилдетет жана укук коргоо органдары үчүн кыйынчылыктарды жаратат”, - деп жазылган долбоордо.
Документке ылайык, Үй-бүлө кодексине бала төрөлгөндө анын жынысын аныктоо жана Туулгандыгы жөнүндө актка жазылган жынысын кийин өзгөртүүгө тыюу салуу боюнча берене кошулган. Анын негизинде жашы жете электерге жынысын өзгөртүүгө үгүттөөгө жана бул багытта медициналык, психологиялык аракеттерге тыюу салынат.
Ошондой эле бир жыныстагы жарандардын үй-бүлө куруусуна жол берилбей тургандыгы жазылган.
Былтыр декабрдагы маалыматка ылайык, Кыргызстандын калкы 7,4 миллион кишини түзөт. Анын 49,5% эркектер, 50,5% аялдар.
Шерине