Израил Газадагы Рафах чек ара бекетин жарым-жартылай ачты

Египет менен Газа тилкесинин ортосундагы Рафах чек ара бекети. 2024-жылы тартылган сүрөт.

Израил 2-февралда Газаны Египет менен байланыштырган чек ара бекетин жарым-жартылай ачты. Бул чечим газалыктарга анклавдан чыгып кетүүгө, ошондой эле согуштан улам качып кеткендердин кайра кайтып келишине мүмкүнчүлүк бериши ыктымал.

Азырынча аталган бекеттен адамдарга жөө өтүүгө уруксат берилет жана алардын санына чектөө киргизилиши мүмкүн.

Израил бул чек ара бекетин 2024-жылдын май айында, Газада согуш башталгандан тогуз айдан соң өз көзөмөлүнө алган.

Жаңжал 2025-жылдын октябрында АКШ президенти Дональд Трамп ортомчулук кылган ок атышууну токтотуу келишими менен убактылуу басаңдаган.

Рафахтын кайра ачылышы Трамптын Израил менен ХАМАСтын (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) ортосундагы согушту токтотууга багытталган кеңири планынын биринчи баскычынын маанилүү талабы болгон.

2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС Израилдин түштүгүнө кол салгандан кийин башталган Израилдин Газадагы аскердик операциясынын алгачкы тогуз айында палестиндер Рафах аркылуу Египетке чыгып кете алган. Бул убакыт ичинде Газадан болжол менен 100 миңдей адам чыгып кеткен.

Айрымдарына гуманитардык уюмдар жардам берген, башкалары Египеттеги айрым тараптарга пара берүү аркылуу чыгууга уруксат алышкан.

Израилдин аскерлери Рафах аймагына киргенден кийин чек ара бекети жабылып, ошондой эле Газанын Египет менен чек арасындагы Филадельфия коридору да жабылган. Мындан улам жабыркаган газалыктар медициналык жардамга жете албай калышкан.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, акыркы бир жылда Израил аркылуу үчүнчү өлкөлөргө дарыланууга бир нече миң адам гана чыгарылган, дагы миңдеген адам чет өлкөдө медициналык жардамга муктаж.

Рафах кайра ачылганына карабастан, Израил чет элдик журналисттердин Газада иштөөсүнө уруксат бербей жатат. Алар согуш башталгандан бери анклавга кире албай келишет.

Газада жашаган 2 миллиондой палестиналыктын көбү убактылуу чатырларда же талкаланган үйлөрдө, кыйраган шаарлардын урандыларынын арасында күн кечирүүдө.

Дагы караңыз

Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайтТажикстан: Рахмондун сынынан кийин 100дөй киши ажылыкка чогулткан акчасын айылды өнүктүрүүгө бердиЖынысты өзгөртүүгө тыюу салган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду