АКШнын мамкатчысы Рубио Түркмөнстандын башкы дипломаты менен сүйлөштү

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана атайын өкүл Сержио Гор 30-январда Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Бул тууралуу АКШнын Түркмөнстандагы элчилиги Instagram социалдык тармагындагы баракчасында Американын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлүнүн биринчи орун басары Томми Пигот тараткан маалыматка таянып билдирди.

Ага ылайык, сүйлөшүүдө Борбор Азиядагы аймактык коопсуздукту жана экономикалык өнүгүүнү чыңдоо маселелери талкууланган.

Ошондой эле Рубио Кошмо Штаттардын Түркмөнстан менен ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө жана эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экенин дагы бир жолу ырастаган.

Ал эми Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен өткөн жуманын аягында болгон телефон сүйлөшүү тууралуу расмий маалымат тарата элек.

Эске салсак, Түркмөнстан Кыргызстан менен бирге Кошмо Штаттарга кирүү үчүн күрөө төлөй турган мамлекеттердин тизмесине киргизилген.

Ошентип виза үчүн жарандары күрөө төлөй турган 38 өлкөнүн арасында Борбор Азиядан Тажикстан дагы бар.

Дагы караңыз

Кыргыз өкмөтү санкция маселеси боюнча ЕБ комиссары менен сүйлөшүүнү сунуш кылдыИталиядагы Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан эки спортчу катышатКазакстанда ооруканаларга кызамыктан эмделген балдар гана кабыл алынат