Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:09

Италиядагы Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан эки спортчу катышат

Италияда өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан эки спортчу катышат. 19 жаштагы Тимур Шакиров тоо лыжасы, Артур Сапарбеков лыжа жарышы боюнча ат салышат.

2-февралда Улуттук олимпиадалык комитетинде спортчуларды 25-Кышкы олимпиада оюндарына узатуу иш-чарасы өтүп, анда Спорт агенттигинин директору Казыбек Молдажиев Артур Сапарбековго мамлекеттик тууну тапшырды.

Мелдештердин программасына ылайык, Тимур Шакиров тоо лыжасы боюнча гигант слалом мелдешине 14-февралда, ал эми слалом мелдешине 16-февралда катышат.

Артур Сапарбеков лыжа жарышы боюнча классикалык спринтке 10-февралда, ал эми эркин стилде өтүүчү жарышка 13-февралда чыгат.

Тимур Шакиров кышкы спорттун түрлөрү боюнча Караколдогу спорт мектебинин тарбиялануучусу. Жаштар арасындагы Кышкы Олимпиаданын катышуучусу жана бир нече категорияда жана жаш куракта Кыргызстандын чемпиону. Анын машыктыруучусу Игорь Борисов.

Артур Сапарбеков Кышкы Азия оюндарына жана Дүйнө чемпионаттарына да катышкан. Аны Александр Левданский таптайт.

Быйыл 25-Кышкы Олимпиада оюндары Италиянын Милан жана Кортина-д Ампеццо шаарларында 6-22-февраль аралыгында өтөт.

Шерине

XS
SM
MD
LG