ТИМ "Азаттыктын" Иракта кармалган кыргызстандык аял тууралуу макаласы боюнча маалымат берди

Тышкы иштер министрлиги. Бишкек, Кыргызстан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Азаттыктын» Иракта убактылуу кармоочу жайда эки ай камакта отуруп чыккан кыргызстандык аял тууралуу жарыялаган материалына байланыштуу расмий маалымат таратты.

ТИМ билдиргендей, Ирак Республикасынын аймагында кармалган Кыргызстандын жараны Асел Жээналиева тууралуу социалдык тармактарда маалыматтар 2025-жылдын 7-ноябрында тараган. Ушул учурдан тартып Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги аталган жаранга консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында ыкчам иштерди баштаган.

Министрликтин билдиришинче, элчиликтин кызматкери Ирактын тиешелүү мамлекеттик органдары менен тыгыз байланышта болуп, Жээналиеванын жакындарына телефон аркылуу маалымат берилип турган. Мекеме аял миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн Ирак аймагынан мажбурлап чыгарылганын кошумчалады.

Буга чейин «Азаттык» Ирактын убактылуу кармоочу жайынан бошонуп келген кыргызстандык аял тууралуу материал жарыялаган.

Анда 38 жаштагы Асел Жээналиева Ирактагы чет элдиктерди убактылуу кармоочу жайда эки ай кордук көргөнүн айткан. Асел ыраакы Иракка кантип барып калганын, иш берүүчүсү кантип жалган жалаа менен полицияга салып бергенин “Азаттыкка” айтып берген.

Кыргыз өкмөтү өз жарандарын жумуш сунуштаган ортомчу агенттиктерди дыкаат текшерип, чет өлкөдөгү жумуштарга мыйзамдуу жол менен баруу керектигин байма-бай эскертип келет. (AiA)

Дагы караңыз

Президент Жапаров "Унаага" барып, элди бул тармактагы реформага каршы чыкпоого чакырдыТаласта прокурордун орун басары пара талап кылууга шек саналып кармалдыЖети-Өгүздө окуучуларды сабаган мугалим жоопко тартылдыКурулуш министрлиги кызматкерлердин "500 миң сомго чейинки маянасына" түшүндүрмө берди