ЕАЭБ: Казакстан Кыргызстандан "мыйзамсыз ташылган товарлар үчүн" чек арада текшерүү күчөгөнүн билдирди

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) расмий баракчасы кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын кезек күтүүсү боюнча маалымат таратты. Анда казак өкмөтү Кыргызстандан жүк мыйзамсыз өткөн учурлар бар экенин, текшерүү атайын белгиленген убакта аяктай турганын билдиргени жазылган.

“Текшерүү улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан товарлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн токтотуу аркылуу чек арада тартип орнотууга багытталган. Астана бир тууган Кыргызстан менен өзгөчө ынак коңшулук мамилелерди, стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты жогору баалайт. Казакстан эки өлкөнүн экономикасына жана эл аралык аброюна олуттуу зыян келтирген мыйзамсыз аракеттерди токтотуу багытында түшүнүү жана мындан аркы биргелешкен кызматташтык жүрөт деп үмүттөнөт”, - деп жазылган казак тараптын расмий билдирүүсүндө.

Маалыматта уюмдун алкагында товарлардын мыйзамсыз ташылышына каршы күрөшкө маани берилери, бул багытта навигациялык пломба колдонуу, товарлардын өтүшүн артынан көзөмөлдөө жана маркалоо механизмдери киргизилгени жазылган.

Казак тараптын билдирүүсү боюнча Кыргызстандын Министрлер кабинети комментарий бере элек.

Былтыр сентябрда Кыргызстан Казакстандан мыйзамсыз ташылып келаткан 44 тонна сабиз менен кызылчаны артка кайтарганын билдирген. Алардын айыл чарба азыктарында тиешелүү фитосанитардык сертификаты жок экени такталган.

Анын алдында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү пунктунда кызмат адамдары "ортомчулар" менен сүйлөшүп, жалган документтерди колдонуу менен ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товарларды мыйзамсыз импорттоо (контрабанда) боюнча коррупциялык схема түзүшкөнү аныкталганын билдирген. Буга байланыштуу бир катар мамлекеттик мекемелердин 20дан ашуун кызматкери кармалып, камалган.

Дагы караңыз

Москва метросунда жүргүнчүлөрдүн телефону текшерилиши мүмкүнАКШнын Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Кыргызстанга келетКыргызстанда QR аркылуу төлөмдөр 908 млрд сомду түздү Президент Жапаров автомектептер маселесин көтөргөн депутаттарды сынга алды